super.kg logo

Рэпер Трэвис Скотт фестивалда билеттерди сатып алгандарга акчасын кайтарып бермей болду

 

Техаста "Astroworld" музыкалык фестивалын уюштурган америкалык рэпер Трэвис Скотт концертине билеттерди сатып алган бардык күйөрмандардын акчасын кайтарып бермей болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

6-ноябрда АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында Трэвис Скотт уюштурган "Astroworld" музыкалык фестивалы учурунда тыгындын кесепетинен 8 адам каза болуп, 300дөй адам жаракат алган. Ал эми рэпер каза болгондордун үй-бүлөсүнө бардык чыгымдарды жана билет сатып алган күйөрмандарынын акчасын төлөп берерин айткан.

Мындан тышкары Трэвис Скот күйөрмандардын нааразычылыгынан улам 13-ноябрда Лас-Вегаста өтө турган "Day N Vegas" фестивалына катышпай тургандыгы айтылды.

"Мен үчүн күйөрмандарымдын ролу чоң. Мен мындай болуп кетерин эч ойлогон эмесмин. Болгону келген конокторго жаркын маанай тартуулагым келген", - деп билдирген рэпер.

Окуянын чоо-жайы:

Американын Техас штатынын Хьюстон шаарында "Astroworld" музыкалык фестивалына 50 миң адам катышып, андагы тыгындын кесепетинен 8 адам каза болгон жана 300дөй адам жаракат алган.

Кырсык фестивалдын биринчи күнүндө рэпер Травис Скот ыр аткарып жаткан учурда башталган.

Ал эми каза болгондор 14 жаштан 27 жашка чейинкилер экени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: