super.kg logo

Австрияда коронавируска каршы вакцина албагандарга чектөөлөр киргизилди

 

Австрия бийлиги COVID-19га каршы эмделбегендерди ресторандарга, сулуулук жана массаж салондоруна, фитнес борборлоруна, спорт клубдарына, мейманканаларга, кинотеатрларга жана театрларга кабыл алууну чектеди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик мекемелерге эми ​​Австриянын “эки П” эрежеси боюнча, башкача айтканда, эмдөөдөн өткөн же коронавирус инфекциясынан айыкты деген сертификаттын ээлери гана бара алат.

Австрияда коронавирустук чектөөлөрдүн күчөтүлүшү акыркы бир жумада COVID-19га чалдыккандардын саны боюнча рекорддук көрсөткүчтүн - 9 миңден ашык болушунун жана коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн ооруканаларда керебеттердин жетишсиз абалга жеткенинин натыйжасында болду.

“Эки П” эрежесин бузгандар 500 еврого чейин айып пул төлөшөт. Жаңы эреже медициналык себептер боюнча эмдөө албай турган адамдарга, ошондой эле 15 жашка чейинки мектеп окуучуларына тийиштүү болбойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: