super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу көп багыттуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.

"Эки өлкөнүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири катары карайт жана өз ара кызыкчылык туудурган соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биз товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуубуз зарыл. Министрлер кабинети инвесторлордун коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр", - деди Акылбек Жапаров.

Ду Дэвэнь өз кезегинде ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого умтулгандыгын билдирип, эки өлкө ортосунда өз ара ишеним жана өз ара аракеттешүү орнотулгандыгын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кыргыз айыл чарба продукциясын Кытай рыногуна экспорттоо, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жогорулатуу, "Түндүк-Түштүк" унаа жолунун курулушун жыйынтыктоо жана Кытай өкмөтү тараптан шаардын унаа жолдорун реконструкциялоо жана ирригацияга берилген гранттык каражаттардын өздөштүрүлүшү маселелерин талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: