super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында алгачкы беттешин өткөрөт

 

Кыргызстандык мушкер, 2013-жылы 52 килограмм салмакта Азия чемпиону аталган Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. 

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Киев шаарында “Украинские атаманы” клубу америкалык “USA Knockouts” клубу менен күч сынашат. Азат Усеналиев өзү жакында гана келишим түзгөн украиналык клубдун курамында рингге чыгат. Белгилүү болгондой, Усеналиев 52 килограмм салмак категориясында америкалык Шон Симпсон менен беттешет. 16-ноябрга андан тышкары дагы 4 беттеш белгиленген.

Кошумчалай кетсек, Азат Усеналиев “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын мыкты спортчусу-2013” наамына көрсөтүлүүдө. www.super.kg порталында мыктыларды аныктоо үчүн добуш берүү кызуу жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.11.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Украинанын атынан баратат экенда байкуш спортчуларыбыз. Акча каражат жок, ар мамлекеттин атын чыгарышып журушот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: