super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-НОЯБРЬ: Германияда дүйнөдөгү алгачкы мотоцикл сыноодон өткөн

 

1885-жылы 10-ноябрда Германияда дүйнөдөгү биринчи мотоцикл сыноодон өткөн. Аны немис инженерлери Готлиб Даймлер жана Вильгельм Майбах ойлоп тапкан.

Айтмакчы, дүйнөдөгү ири автоунаа компаниялары аталган ойлоп табуучулардын фамилияларынан аталган. Г.Даймлер жана В.Майбах дүйнөдөгү алгачкы карбюраторду (ички от алуунун өздүк кыймылдаткычын) иштеп чыгышып, аны жыгачтан жасалган шайтан арабага жайгаштырышкан. Анда кыймылдаткыч гана металлдан жасалган.

Ошентип эки дөңгөлөктүү, педалын айландыруунун кажети жок болгон жаңы транспорт каражаты - мотоцикл пайда болгон. Андагы цилиндрдин көлөмү 100 сантиметр кубду түзүп, мотоциклге тигинен жайгаштырылган.

Ойлоп табуучулардын бири Г.Даймлер бул транспорттун моторун дубалда илинүүчү саатка окшоштургандыктан "чоң атанын сааты" деген ат менен патенттеген.

Мотоциклди биринчи болуп В.Майбах айдап көргөн. Ал саатына 12 чакырым ылдамдык менен 3 чакырымды басып өтүп, элди таң калтырган.

10-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: