super.kg logo

"Игра в Кальмаранын" режиссёру сериалдын уландысын күтүп жаткандар үчүн билдирүү жасады

 

Түштүк кореялык "Игра в Кальмара" сериалынын режиссёру Хван Дон Хёк Лос-Анжелесте өткөн иш-чарада сериалдын экинчи сезонун чыдамсыздык менен күткөндөр үчүн билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, режиссёр сериалдын уландысы тартыла турганын тастыктаган. Бирок азыр иш пландоо баскычында гана экенин эскерткен.

"Экинчи сезон үчүн ушунчалык көп кысым, көп суроолор болду. Демек, сиздер бизге тандоо калтырдыңыздар. Азыр экинчи сезонду ойлонуп жатам. Мен пландоо процессиндемин. Бирок качан жана кантип тартыларын айтуу эрте", - деген Хван Дон Хёк.

Режиссёр биринчи сезондун башкы каарманы Сон Ки Хундун экинчи сезонго кайтып келерин тастыктаган.

"Ки Хун кайтып келет деп убада берем. Ал дүйнө үчүн бир нерсе кылат", - деп кошумчалаган ал.

"Игра в Кальмара" сериалы сентябрь айында гана чыкканына карабастан бүткүл дүйнөдө атактуулукка жетти.

Маалымат үчүн: "Игра в кальмара" 9 бөлүмдөн турган сериал, анда карызга баткан карапайым адамдардын чоң суммадагы акча коюлуп байлар тарабынан уюштурулган оюнга катышканы, ал оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адамдын аман калганы баяндалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: