super.kg logo

Чүйдөгү мал уурулук маселеси курч бойдон калууда. Милициядан кылмыштын себебин айтышты

 

Чүй облусунда мал уурулук маселеси дагы деле курч бойдон калууда. Буга тургундардын кайдыгерлик мамилеси себеп болуп жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.

"Милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө мал уурулук көйгөйлөрү бир нече жолу көтөрүлүп, кылмыштуулуктун келип чыгуу себептери дагы талданды. Бирок көптөгөн эскертүүлөргө жана кеңештерге карабастан уурулук уланууда.

Кылмыштарды талдап көрүп, мал уурулук фактыларынын көбүнө тургундар өздөрү күнөөлүү деген тыянакка келсек болот. Себеби мал ээлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жок болууда. Тагыраагы, малды кароосуз жайлоого коё беришип, көзөмөлү жок калтырып коюшат. Кийин өз алдынча издеп, тыянак чыкпай калгандан кийин гана милицияга арыз менен кайрылышат. Мал жоготкондор бир топ убакыт өткөндөн кийин кайрылышса, жоголгон малды табуу кыйын болуп каларын эске салабыз. Мындай кылмыштардын бетин ачуу кыйын, анткени көбүнчө күбөлөрү жок болуп чыгат", - дешти мекемеден.

Мал уурулук боюнча маалымат билгендер болсо Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө байланышып коюуну суранышат мекемеден. Байланыш номерлери: 0 (312) 43-01-27, 43-88-85.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: