super.kg logo

Аксыда курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды (фото)

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 47 жаштагы тургуну ар кайсы үлгүдөгү ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Кебетеси азиялык болгон 40-45 жаштардагы адам өзүнүн үйүндө күжүрмөн ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү жана уюшкан кылмыштуу топтордун адамдары менен байланышы бар болушу мүмкүн делген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн милиция кызматкерлери Аксы районуна жөнөп кетишкен. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2021-жылдын 5-ноябрь күнү Аксы районунун 1974-жылы туулган тургуну Ш.Э. кармалган", - деп билдиришти ИИМден.

Анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда курал-жарактардын арсеналы табылган:
- номери өчүрүлгөн 7,62 калибрлүү “Сайга” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы;
- 7,62 калибрлүү “Мосина” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы (карабин);
- жаралма курал – колго жасалган бычак.

Мындан сырткары шектүүнүн үйүнөн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды: аюунун, сүлөөсүндүн, суусардын терилери. Бул жаныбарлар Кызыл китепке киргендигин жана аларды атууга тыюу салынганын белгилеп кетүү керек.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 253-беренесинин 3-бөлүмү ("ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: