super.kg logo

"Мен жинди эмесмин". Александр Лукашенко чек арадагы абал тууралуу алгачкы жолу үн катты

 

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко биринчи жолу Польша менен чек арадагы кырдаал жана миграциялык кризистин курчушу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу "БЕЛТА" басылмасы жазды.

"Биз билебиз, эгер биз кандайдыр бир ката кетирсек, дароо Орусия буга тартылат. Ал эми бул эң чоң өзөктүк держава. Мен жинди эмесмин жана бул эмнеге алып келерин жакшы түшүнөм. Биз өз ордубузду билебиз, бирок чөгөлөбөйбүз", - деген Лукашенко.

Президент танктардын колонналарынын жардамы менен мигранттарга каршы күрөшүү ашыкча экендигин белгилеген. Ошондой эле президенттин айтымында, азыркы заманда колуна курал алуу өлүм менен барабар.

Буга чейин Лукашенко орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу миграциялык кризисти талкуулаганы белгилүү болгон. Сүйлөшүүдө президенттер Беларусь өлкөсүнүн чек арасына польшалык аскерлерди тартуу фактысына өзгөчө көңүл бурушкан.

8-ноябрда Жакынкы Чыгыштан келген мыйзамсыз мигранттардын тобу Беларусь-Польша чек арасына чогулуп, чек арадагы тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылышкан. Польша өкмөтүнүн маалыматы боюнча, качкындардын саны үч-төрт миң адамга жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: