Ош. Шаарда 7 кичи автобус каттамдан четтетилип, 19 айдоочуга эскертүү берилди
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги 1-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта коомдук транспорттун кечки каттамдарын тартипке салуу боюнча бир айлык рейд жарыялаган. Рейдди жүргүзүү үчүн 2 атайын топ түзүлүп, 1-топ Ак-Буура дарыясынын чыгыш тарабын, 2-топ аталган дарыянын батыш тарабын тейлеген маршруттук каттамдарды көзөмөлдөөдө. Жыйынтыгында, рейд жүргүзүлгөн алгачкы 10 күндүн жыйынтыгы боюнча каттамдын жүрүү эрежелерин бузуп жана белгиленген мөөнөттө иш милдеттерин аткарбагандыгы үчүн 7 кичи автобус каттамдан четтетилип, 19 айдоочууга эскертүүлөр берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

