super.kg logo

Бишкекте "Хизбут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

 

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюмдун мүчөлөрү кезектеги жыйынга чогулуу учурунда кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, ага жаш муунду өстүрүү жана окутуу боюнча экстремисттик "Хизбут-Тахрир" идеологдору тарабынан аталган жыйынга дуушар болгон өспүрүм балдардын тобу катышкандыгы аныкталган.

"Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон. Ал кармалгандар менен бирге УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жашыруун уячалардын мүчөлөрүнүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда тыюу салынган көп сандагы адабияттар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.11.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динге жамынып алып, өздөрүнүн идеялогиялык пландарын жасап, Кыргызстандын светтик жашоосун талкалоого аракет кылып жатышат. Жаштардын светтик билим деңгеелин көтөрүү керек. Болбосо ашынган динчилдердин мындай иш аракети өлкөнүн заманбап өнүгүшүнө жол ачпайт. Булардын максаты өткөн замандын жашоосун бизде идеялдаштырып, элди орто кылымдагы караңгы жашоого алып баруу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: