super.kg logo

"Кой-Ташка чейин өздөрү жеткирип". Казакстан Кыргыз өлкөсүнө аскердик техника берет

 

Казакстан Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Тиешелүү мыйзам долбоорлору Казакстандын парламентинин Мажилисинде жактырылгандыгын аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанга аскердик мүлктү, ок-дарыларды жана атайын техникаларды берүү аймактык коопсуздукка чакырыктар жана коркунучтар күчөгөндөн улам уюштурулуп жатканын парламенттин жыйынында билдирген.

ыргыз тарапка аскердик мүлктү, ок-дарыларды жана атайын техниканы бир жолку өткөрүп берүү каралган. Казак тарап аскердик мүлктү Кыргыз Республикасынын Кой-Таш айылына жеткирүү чыгымын өзүнө алат. Кыргыз тарап алынган аскердик мүлктү же аны пайдалануу укугун үчүнчү жакка өткөрүп бере албайт", - деген коргоо министринин орун басары.

Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнө аскердик техниканын берилиши Казакстандын күжүрмөн даярдыгына жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнө таасир этпейт. Анткени жардам Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн ашыкча резервинен берилип жатат.

Бул келишимге 2021-жылдын 2-мартында өлкө башчы Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: