super.kg logo
  Саясат  

Адистер Бишкектин "Ош базарындагы" сатуучулар санитардык эрежеге баш ийбей тургандыгын айтышууда (фоторепортаж)

 
Жүзүн көрсөтпөөнү суранган Жаңы-Жер айылынын тургуну Жумагүл апа күнүгө "Ош базарына" келип бозо сатат. “Ой, кызым, бозону өзүбүз жасап, сатып жатпайлыбы. Мен ишенимдүү айта алам, менин бозом санитардык нормага жооп берет”,- дейт ал.
Бишкек шаардык санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун врачы Үмүт Сатыбалдиева бозо сатуучу айымдын иши туура эмес экенин айтты: “Өзүм жасап жатам дегени туура эмес. Бир эле чөйчөктөн бир нече адам бозо ичпеши керек. Ушуга окшогон иштер жугуштуу оорулардын жайылышына алып келет”,- дейт.
"Ош базарынан" бир көрүнүш
Жей турган наныбыз минтип таштандылар менен аралашып жатат.
"Ош базарындагы" эт сатылуучу жер
Мамлекеттик ветеринардык коопсуздукту коргоо инспекциясынын башкы инспектору Тазабек Бөкүшовго кайрылып көрдүк. Ал: “Эт сатып жаткан адам санитардык эрежелерди сакташы керек. Негизи, эт атайын эт илгичте илинип турушу зарыл. Эт сатылганга чейин муздаткычта сакталышы кажет”,- дейт.
"Ош базарында" сатылып жаткан тооктун сан эти
Бул көрүнүш да талапка жооп бербейт
Эт саткан жердеги абал
Эт саткан жердеги абал
Эт саткан жердеги абал
Мыйзамсыз дары-дармектерди сатып жаткан сатуучулар сүрөткө тартып жатканыбызга ачууланышып: “Бизге жашоо бербей турган болду булар!”- дешти.
"Ош базарында" сатылып жаткан дары-дармектер
Дарыгерлер жарандарды дарыларды дарыканадан гана сатып алууга чакырышат.
Базардан бир көрүнүш

"Ош базарында" чечилбеген көйгөй көп. Мисалы, эт жана тамак-аш саткан жайлардагы санитардык абал, мыйзамсыз сатылып жаткан дары-дармектердин сактоо жолдору жана мөөнөтү. Бул маселе боюнча биз Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун врачы Үмүт Сатыбалдиева менен байланыштык.  

Сатыбалдиева: "Бишкек шаарында же башка жерлерде болобу, базарлар жылына бир жолу текшерилип турат. Ал эми стихиялык соода-сатык кылган адамдарды бүгүн куусаң, эртең келет же башка жакка туруп алып сатышат. Кыскасын айтканда, биз алар менен мышык-чычкан ойноп жатабыз. Ар бир адам өзү ойлонуп иш кылбаса, мындай ишти токтотуу кыйынга турат”,- деп билдирди.  

Төмөнкү сүрөттөр аталган базардын бүгүнкү абалын чагылдырат. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: