super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз телесинин жүзү Космосбек Чыдыновду жердештери жылуу тосуп алышты

 

Бүгүн, 10-ноябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын тургундары өз уулу, кыргыз телесинин жүзү, коңур үндүү диктор, “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Космосбек Чыдыновду жылуу маанай менен тосуп алышты.

Талапкер элеттиктердин каалоо-тилектерин угуп, батасын алган соң шайлоо алдындагы программасын кеңири айтып берди. Ал тургундар көтөргөн социалдык көйгөйлөр тууралуу пикирин билдирип, парламентке шайланып келе турган болсо айрым маселелерди жеринде чечүүгө аракет кыларын айтты.

“Алыс жайгашкан айылдарда социалдык маселелер көңүл сыртында калып келет. Кесибиме байланыштуу элеттиктердин жашоо-турмушун, алардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги, билимдин сапаты, кадрдык кризис – бул бир күндө чечиле калчу маселе эмес. “Альянс” партиясынын күчтүү, тажрыйбалуу курамы менен бирге агартуу тармагына салым кошуу үчүн саясий жарышка аттандым. Менин талапкерлигимди колдоп келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Космосбек Чыдынов.

Ал өлкө экономикасын көтөрүү үчүн аймактарга басым жасоо керектигин айтып, ал үчүн инвестицияны айылдарга тартуу зарылдыгын белгиледи.

Чыдыновду колдоп жердештери менен бирге “Альянс” партиясынын талапкерлери Алтынбек Сулайманов жана Жанар Акаев да келишкен.

АЛЬЯНС - 3 - БИР КҮЧ!
Космосбек Чыдынов – 35

“ Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 10-ноябрь, 2021-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: