super.kg logo

"Саясий мотив жок деген". Нарында талапкерлердин баннерлерин айрып салганга шектүү кармалды

 
Нарында парламенттик шайлоого талапкердин баннерин айрып кеткен окуя боюнча териштирүү иштери улантылууда. Бул туурасында Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, 6-ноябрда милициянын кайгуул кызматына билдирүү түшкөн. Анда Нарын шаарынын Ленин жана Батыш көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын алдыңкы бетинде илинип турган №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин 2 даана баннери ортосунан ылдыйды көздөй айрылганы маалымдалган.
Ошол эле күнү Жогорку Кеңешке №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин баннерин айрып кетиптир деген дагы бир билдирүү түшкөн.
"Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча териштирүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдарда 94-беренеде көрсөтүлгөн жоруктун курамы байкалгандыктан сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Жоруктардын бетин ачуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары Нарын шаарынын 1992-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалды. Ал күнөөсүн толук моюнга алып, баннерлерди айрууга өз ара келишпестиктен улам баргандыгын жана кылган аракеттери саясий мотивге ээ эместигин айтып көрсөтмө берген.
Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүндө шектүү №33 шайлоо округунун шайлоого катышып жаткан талапкерлер менен байланышта тургандыгы аныкталган эмес", - дешет басма сөз кызматынан.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.11.2021. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдин конулуно б.....й тийди ушул маскаропозчулук.Ар 6 айда шайлоо.Кочолорго кайдагы бир мектепти коридордо буткондордун суроттору самсаалап илинип,шаардын коркун бузат.Костюм шымы бардын баары депутат,6 миллион элди башкаруучу эле киши коп,ишке келгенде балээ да жок козго корунорлук.Анан жыртат да жаны кашайган бироо.
11.11.2021. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суротту кайдан алып койдунар? Украин тилинде жазылып турабы дейм да.
11.11.2021. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,Ошо башка эле суротту чаптай салышыптыр. Мен да ойлоп коем Нарында шумдук имараттар бар го деп
11.11.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттү карап Нарында ушундай имараттар бар экенда деп бир сыйра сүйүнүп алдым эледа, көрсө иллиюстрация дейтко кашайып!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: