super.kg logo

17 жашында "Нобель" сыйлыгын алган Малала Юсуфзай турмушка чыкты

 

"Нобель" тынчтык сыйлыгынын лауреаты, пакистандык Малала Юсуфзай турмушка чыкты. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасына жазды.

Анын жазганына караганда, үлпөт той Улуу Британиядагы Бирмингем шаарында өтүп, мааракеге үй-бүлөсү жана жакындары катышкан.

"Бүгүн менин жашоомдогу эң сонун күн болуп турат. Ассер менен түбөлүккө бирге болуу үчүн баш коштук", - деп жазып калтырган Юсуфзай.

Маалымат үчүн:

Малала Юсуфзай 1997-жылы Пакистандын Мингора шаарында туулган. Пакистандын Сват аймагын талибдер көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Анда талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган. Малала Юсуфзай кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн.

Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бара жаткан жолдо автобуста атып кетишкен. Ал башынын жаракат алып, көп убакыт дарылануудан өткөн соң калыбына келген.

2014-жылы Малала Юсуфзай 17 жашында "Нобель" тынчтык сыйлыгын алып, аталган сыйлыкты алган эң жаш лауреат болуп калды.

10 жылдан бери ал Улуу Британияда жашап келет. Былтыркы жылы Оксфорд университетин аяктаган. "Нобель" сыйлыгы - илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: