super.kg logo

Дүйнөдө шприц жетишсиздиги болору божомолдонду

 

2022-жылы дүйнөдө COVID-19га каршы эмдөө үчүн колдонулуучу атайын медициналык шприцтердин жетишсиздиги болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 6 миллиард 800 миллиондон ашык COVID-19 эмдөөлөрү жасалган. Ал эми өндүрүлгөн шприцтердин саны - жылына алты миллиард.

ДССУнун дары-дармектер боюнча улук кеңешчиси Лиза Хедмандын айтымында, дүйнө жүзү боюнча өндүрүүчүлөр бир жолу колдонулуучу шприцтерди чыгарууну көбөйтүүнүн жолун табышы керек. Эгер болбосо дүйнө 2022-жылы эки миллиард шприц жетишсиздигине дуушар болушу мүмкүн.

"Бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин коопсуздугу маанилүү. Шприцтердин жетишсиздиги өз кезегинде дүйнө жүзү боюнча балдарды эмдөөнүн кечеңдешине алып келиши мүмкүн. Ошондой эле жакыр өлкөлөрдө ийнелерди кайра колдонууга үндөө башталат, бул өтө кооптуу практика", - деген ДССУнун өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: