Ош. Шаарда 240 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулууда
Ош шаарынын Озгур айылында 240 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп салынып жатат. Аталган мектеп №33 Самидин Алымкул уулу атындагы эски мектептин ордуна курулуп жатат. Эски мектеп 2009-жылы жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калган.
Мектепти салуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 40 миллион сом каралган. Учурда аталган мектепте балдар окуганга шарттын жоктугунан, окуучулар башка мектептерге барып окуп жатышат. Мурда 600-700 окуучу окуп келсе, бүгүнкү күндө жалпы окуучулардын саны 300гө жетет. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Улукбек Матисаков билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

