super.kg logo

"Күнүнө бир жарым миң сом таппасаӊар, келбегиле". Ошто эки баласын тилемчиликке жумшаган энеге иш козголду

 

Эки баласын күндө тилемчиликке жумшаган эненин эки баласын мамлекет өз карамагына алды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ШИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 8 жана 11 жаштардагы эки бала шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын алдынан жана анын ичине чейин кирип кайыр сурап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алышып, текшерүүгө алышкан.

"Маектешүүдө балдар апасы аларды күндө таӊдан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлай тургандыгын, "күндө бир жарым миң сом тапкыла" деп план коюп бергендигин, акча таппаса кечинде урушаарын айтып беришкен. "Апабыз Надира деген аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканаларга, үйлөрдүн эшиктерин каккылап акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, батирдин ижара акысын төлөшөт, аяш энем менен апам иштешпейт" деп айтып берген өспүрүмдөр.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барышып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды. Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн "жашы жете элек баланы коомго каршы аракеттерге тартуу" фактысы менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(8)
11.11.2021. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айбан экенсинго.Сендей эненин жогу жакшы.
11.11.2021. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жатып алып баланда иче берсин эми
11.11.2021. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бухарицаларго дейин десең кызы Хижабда жүрөт.
11.11.2021. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bishkek-Kg,может отмаска,норм эне баласын кайыр суратпайт
11.11.2021. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bishkek-Kg, хиджап кийген кыз ыймандуу,дин жолунда жургон,билимдуу деген ойдогу кишилерге эч бир тушунбойм.Интернетте коментарий жазса именно сакалчандар анан хиджапчандар Аллага асылба деп эле каргап шилеп,уят создорду жазып башташат.Бул жон гана XXI кылымдын модасы.
12.11.2021. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mira28, Алар деле сага окшогон кемчилдиктүү бир пенде, болгону бири Хижапты, бири сакалды араңдан эле амалга ашырып жүрүшөт. Мусулман идеал эмес, Ислам дини идеал.
News түзөттү 2021-11-12 02:29:14
11.11.2021. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кун суукта жыланайлакго кыз бечара.
12.11.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштогу лолулор булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: