super.kg logo

"Мой О!" тиркемесинде алдыңкы мобилдик оператордон маркетплейс

 

О! Мобилдик оператору товарларды жана кызматтарды ыңгайлуу сатууга жана сатып алууга мүмкүн боло турган "О! Маркет" акысыз кулактандыруулардын сервисин ишке киргизди.


Жаңы функция "Мой О!" экотутумунун бир бөлүгү болуп калды жана тиркемеге кошулду. Бул 1 миллион колдонуучудан турган кардарлардын потенциалдык аудиториясын кеңири камтыганга жардам берет.

Кулактандырууларды түзүү үчүн сатуучуларга регионду тандоо, товардын сүрөтү менен сыпаттамасын кошуу жана модерацияны күтүү жетиштүү. Белгилей кетчү нерсе, сервис кулактандырууну көрсөтүүнүн саны боюнча чектөөлөрдү койбойт.

"О!Маркет" кардарлар үчүн дагы ыңгайлуу: регион жана категориялар боюнча издөө, ошондой эле фильтрлер боюнча бөлүштүрүү товарларды тандоо процессин бир кыйла жеңилдетет.

Маркетплейс "Мой О!" тиркемесинин жаңы версиясында жеткиликтүү. Google Play же App Store платформаларындагы шилтеме боюнча жүктөп алыңыздар.

Тиркеме тууралуу:

"Мой О!" тиркемеси орнотуулар боюнча 2 миллион белгисинен ашты жана Кыргызстанда эң популярдуу тиркемелеринин бири болуп саналат.

"Мой О!" тиркемеси – бул "О!Деньги" капчыгын жана О! + Saima абонентинин жеке кабинетин бириктирген санариптик экотутум.

"Мой О!" тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:

  • О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү;
  • Капчыктарга жана алты өлкөнүн банктарынын карталарына каражаттарды дароо которуу;
  • Телефондун балансынан, электрондук капчыктан же кошулган картадан 1000ден ашуун сервистерди онлайн төлөө;
  • Бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдары бар O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан капчыктагы каражаттарды накталай алуу;
  • Бүт өлкө боюнча 3000ден ашуун терминалдардын кеңири тармагынан капчыктын балансын комиссиясыз толуктоо.

"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. "О!Деньги" электрондук акчалардын эмитенти – "Дос-Кредобанк2 ААК, КРУБ лицензиясы: №037.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: