super.kg logo

Жыл башынан бери Бишкекте "Тез жардам" унаалары катышкан 15 жол кырсыгы катталды

 

Жыл башынан бери Бишкекте "Тез жардам" унаалары катышкан 15 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 7 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Кырсыктардын көпчүлүгү бейтапты ооруканага алып бара жаткан учурда каршы тилке менен бара жатканда, унаалардын өз убагында жол бошотуп бербөөсүнөн жана катуу ылдамдыкта айдоодон келип чыккан.

"Жолугушуу учурунда биринчиден унаанын техникалык абалына көңүл буруп, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу зарыл экендигин жана оорулуу жарандарды ооруканага ыкчам жеткирүү учурунда каршы тилке менен айдоодо башка унаалардын жол бошотуп берүүсүнө көңүл буруп, кыймыл учурунда жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттарды байма-бай иштетүү керек экендигин эскертишти", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: