Стивен Жеррард "Астон Вилла" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
"Ливерпуль" футболдук клубунун жана Англия курамасынын мурдагы жарым коргоочусу Стивен Жеррард Англиянын "Астон Вилла" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.
"Астон Вилла" футболдук клубу Стивен Жеррарддын биздин жаңы башкы машыктыруучу болуп дайындалганын жарыялоого кубанычта", - деп жазылды клубдун сайтында.
Эске сала кетсек, "Астон Вилла" клубу 11 оюнда 10 упай топтоп, Англия Премьер-Лигасынын 2021/2022 сезонундагы турнирдик жадыбалында 16-орунда турат. Ал эми,Жеррард буга чейин шотландиялык "Рейнжерс" клубун жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.