super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "2012-жылы Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 36 пайызга өстү"

 
Бүгүн, 13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министри Темир Сариев “2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 36 пайызга өстү” деп билдирди. 
“Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соода жүргүзүүсү 2012-жылы 4 миллиард 15 миллион 600 миң долларды түздү. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 36 пайызга өсүү болуп эсептелет. КМШга мүчө мамлекеттерге экспорттоо 1 миллиард 126 миллион 100 миң долларды түзүп, 48,9 пайыз өсүштү көргөздү. Импорт 2012-жылы 32,7 пайызга өсүп, 2 миллиард 889 миллион 500 миң долларды түзгөн”,- деди министр. 
 
Экономика министрлигинин алдын ала болжолдуу маалыматында 2013-2015-жылдары Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү 13 пайызга өсүп, 5 миллиард 800 миллион долларга жетет деп көрсөтүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: