super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Ал киши өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн

 
Кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстан Республикасынын 1983-жылы туулган Х.С. аттуу жаранын кармашты.
Ал миграция жөнүндөгү мыйзамды бузуп, 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө киши өлтүрүүгө шектелген Х.С. 2016-жылдан бери Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн жана мамлекеттер аралык издөөдө болгон.
Азыркы учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: