Кызды башка тепкен жарандын видеосу. Шектүүгө "майда бейбаштык" беренеси менен иш козголду
Буга чейин социалдык тармактарда кызды башка тепкен жарандын видеосу тарап, ал катуу талкуу болгон. Бул маалымат боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымат таратышты.
Билдирүүгө ылайык, 26-сентябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 2002-жылы туулган Б.М. аттуу кыз кайрылган. Анда Көк-Жар айылындагы тойканалардын биринен белгисиз адам тарабынан эч себепсиз сабалганы жазылган.
"Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" менен катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында белгисиз адамдын аты-жөнү такталып, ал 1994-жылы туулган Э.А. аттуу жаран болгон. Ал милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынганда ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ошол учурда мас болгонун билдирген.
Сотко чейинки өндүрүштө жабырлануучунун денесине келтирилген зыянды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.
10-ноябрь күнү шектүү Э.А.га кабарлоо берилген. Учурда бардык керектелүүчү иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин кыска убакыт ичинде сотко материалдар жиберилет", - деп жазылат маалыматта.
Кызды башка тепкен жарандын видеосу жарыяланды



Кээ бир молдолордон диний тарбия алган билимсиз динчилдер мындай көрүнүштүү туура баалап, тескерсинче аялды күнөөлүү катары кылып, эркектерди актай койгон учурлар көбөйүп баратат. Ашынган динчил талибтердин аялдарга уюштуруп жаткан тозок жашоосун кубаттаган динчил фанаттар көбөйдү бизде. Мына ошол динчилдер социалдык тармактарда аялдарга карата кысымды, зордукту тымызын кубаттап жатышат.
Аяллдарды урса болобу деп молдолорго суроо узатып жаткан кээ бир билимсиз динчилдер логикалык өз алдынча ой жүгүртө алышпай, молдонун оюунан чыга албай жүргөндөр аялдар үчүн коркунуч жаратып жатышат.