Бишкекте 19 жаштагы кызды сүзүп из жашырган айдоочу аял кармалды
Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү болжол менен саат 07:30 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2002-жылы туулган Ы.Г. аттуу кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Мазда Демио үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1980-жылы туулган Ш.Ж. аттуу аял кармалган. Тергөө иштери Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Kg-04

12.11.2021. 10:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай адамдарды жазалоо зарыл
Baha.Kyrgyzstan

12.11.2021. 10:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындайларды өмүр бою авто айдоо укугунан ажыратыш керек
Jolin

13.11.2021. 00:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун кызындай эле го, аял болгондон кийин токтоп жардам корсотсо болбойт беле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.