super.kg logo

Аксыда жаранга ок атып унаасын айдай качкан жигит кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаранга ок атып, унаасын айдай качкан адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 8-ноябрдан 9-ноябрга караган күнү түнкү саат 2:30 чамасында Аксы районунун 25 жаштагы тургуну Кербен шаарында ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасында отурган кезде Эрнис аттуу бала ок атуучу курал менен 2-3 жолу ок чыгарып, унаасын ээлеп алып белгисиз тарапка айдап качып кеткен.

Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, 4 даана октун гилзасы табылып далил буюм катары алынган.

Аксы РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, окуяга катыштыгы бар жарандардын аты-жөнү такталган. Алар Аксы районунун тургундары 1997-жылы туулган М.А. жана А.Н. болгон.

Шектүүлөр 9-ноябрь күнү кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми жабырлануучунун ВАЗ 2107 унаасы Кербен шаарында токтоп турган жеринен табылган.

Азыркы учурда окуяга катыштыгы бар А.Н. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктап, тергөөгө камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: