Бишкекте оңдолуп бүткөн Сүйөркулов көчөсү ачылды
Бишкек шаарында бүгүн, 13-ноябрда асфальт төшөлгөн Сүйөркулов (мурунку Донецкая) көчөсүнүн ачылышы болду. Ага шаар башчысы Иса Өмүркулов жана башка мэрия өкүлдөрү катышты. Өмүркулов өз сөзүндө "Орто-Сай" базарынын айланасындагы 13 майда курулуш алынганын айтты.
“Базардын айланасына кичи эс алуу аймактары, орундуктар орнотулду. Шаардын тазалыгы бишкектиктердин колунда. Аяр мамиле кылышса шаар жакшы көрүнүштө болот”,- деди мэр.
Эскерте кетсек, бул көчөнү оңдоо иштери 2013-жылдын август айында башталган. Жол оңдоо иштери жүрүп жатканда көчө боюндагы 65 түп эмен дарагын кыюуга каршы жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип чыгышкан болчу. Мэр ал жерге барып таанышып, дарактар кыйылбай турганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
3

