super.kg logo

Сирияда согуш башталгандан берки өнөр жай секторуна келтирилген зыяндын көлөмү айтылды

 

Сирияда согуш башталгандан бери мамлекеттик жана жеке секторунун өнөр жайына келтирилген зыяндын көлөмү айтылды. Маалыматты Сирия Араб Республикасынын өнөр жай министри Зияд Саббагга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жеке жана мамлекеттик секторлорго келтирилген өндүрүштүк зыян 2019-жылдын аягында 23 миллиард 500 миллион доллардан ашкан. Министрдин айтымында, негизинен мунай өнөр жайынын өнөр жай объектилери талкаланган.

"Мындан тышкары стратегиялык мааниге ээ болгон жана жарандардын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизген азык-түлүк жана дары-дармек чыгарууга багытталган өнөр жай объектилерин жок кылуу боюнча максаттуу иш-чаралар жүргүзүлдү", - деген ал.

Саббаг айрыкча Алеппо провинциясында текстиль өнөр жайына олуттуу зыян келтирилгенин, ал жерде жеке жана мамлекеттик ишканалар дээрлик толугу менен талкаланып, террорчулар тарабынан тонолгондугун белгиледи.

Эскерте кетсек, Сирияда куралдуу кагылышуу 2011-жылдан бери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: