super.kg logo
  Спорт  

Оор атлетика: Бекдөөлөт Расулбеков Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылады (видео)

 

Бүгүн, 12-ноябрда кыргыз оор атлетчиси Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетикада 102 килограмм салмакта Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылады. Мындай маалымат оор атлетчинин өзүнө байланышканыбызда белгилүү болду.

"Өлкөнүн буга чейинки рекорду дагы мага таандык болчу. Аны Азия чемпиондугунун алдында жаңылагам. 7-декабрда Ташкент шаарында Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бүгүн Бишкекте өткөн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда 217 килограмм көтөрүп, дагы рекорд жаңыладым. Мындан тышкары жалпы суммадан дагы рекорд жаңыладым", - деди Бекдөөлөт Расулбеков.

Бекдөөлөт Расулбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 96 килограмм салмакта катышып, штанганы жулкуп көтөрүүдө 166 килограмм, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм көтөрүп, жалпы 374 килограмм менен Олимпиадада 6-орунду камсыздаган.






Бекдөөлөт Расулбеков Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.11.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу спортсмен экен келечекте олимпиадада алтын Алат буйурса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: