super.kg logo

Тосмого карабай мигранттардын тобу Беларусь өлкөсүнөн Польшага өтүп кетишти

 

Бир нече мигрант Беларусь өлкөсү менен Польшанын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Польшанын аймагына кирип кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, качкындар тикенектүү зым тосмолорду бузушкан.

"Мигранттар тобу Польшага мыйзамсыз кирип келишти. Качкындар Брузги өткөрмө бекетиндеги тикенектүү зым тосмого зыян келтиришти, Польша полициясы баарын видеого тартып алды", - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк бул маалыматты Польшанын Коргоо министрлиги да тастыктаган.

Эскерте кетсек, акыркы айларда Беларустан Польшага жана Балтика өлкөлөрүнө барган мигранттардын агымы байкалууда. Буга жооп катары Польша 30 жылдан бери биринчи жолу Беларусь өлкөсү менен чек арасынын коопсуздугун бекемдеп, БУУнун жана Евро Биримдиктин сотторунун Беларусь өлкөсү менен чек арадагы мигранттарга жардам берүү чакырыгына карабай өзгөчө абал киргизди. Сентябрь айында Польша бийлиги 418 чакырымдык тосмо курууга уруксат берген. Ал эми Польшанын парламенти да чек арадан мигранттарды артка кайтарууга уруксат берген мыйзамды кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: