super.kg logo

Беларусь-Польша чек арасына жакын жерде машыгуу учурунда орусиялык аскер кызматкерлери каза болушту (видео)

 

12-ноябрь күнү Беларуста эки орус аскери парашют менен конуу учурунда набыт болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти билдиргенин РИА Новости жазды.

Министрликтин маалыматына караганда, кырсык 12-ноябрда Аба-десанттык күчтөрдүн бөлүгү Гродно шаарына жакын жердеги бейтааныш жерге конуу учурунда болгон. Конуу учурунда капысынан катуу шамал болуп, эки аскер кызматкеринин парашюту шамалдан жабылып калган.

Жерге катуу конуудан алар каза болушкан. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Беларусь өлкөсү менен Орусия аскерлеринин машыгуулары Беларустун батыш чек арасына жакын жерде аскердик активдүүлүктүн күчөшүнөн улам өткөн. Машыгууга Орусиянын аскер-транспорт авиациясынын Ил-76 учактары, ошондой эле Беларустун аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учактары тартылган.






Беларус-Польша чек арасына жакын жерде машыгуу учурунда орусиялык аскер кызматкерлери каза болушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.11.2021. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул орустар армия боюнча деле дуйнодо 2 Чи орунда турат дегенге деле ишенбейм ото ичимдике жакын калк военный техникалары деле слабый болушу керек анткени булар чыгарган машиналары менен немец япон Америка чыгарган машиналар ортосунда ат менен мышыктай эле айрыма бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: