"2 миллион сом талап кылган". УКМК уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармады (фото)







Кечээ, 12-ноябрда акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү З.Б. жана С.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"Шектүүлөр Б.И. аттуу жарандан күч колдонуу жолу менен 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды. Кармалган З.Б. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.