super.kg logo

Абдывахап Нурбаев: “Эркин чечим чыгара алган бала коомго пайда алып келет”

 

“Билим берүү - өлкөнү өнүктүрө турган тармак экенине көзүбүз жетет. Мындан улам биздин курам агартуу тармагына басым жасоодо”. Бул тууралуу “Альянс” саясий партиясынын талапкери Абдывахап Нурбаев бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын тургундары менен жолугушууда айтты.

Ал парламенттеги пикирлеш депутаттар, Кыргызстандагы билимдүү жаштар “Альянс” партиясына биригип, шайлоого бара жатканын кошумчалады.

“Өнүккөн мамлекеттердин тарыхын карасак, алар агартуу тармагын реформалап, билим берүүгө өзгөчө басым жасашкан. Балага өз пикирин айтканды, эркин ой жүгүртө билгенди үйрөтүп, “китепте жазылганды гана окуп, ошону гана жаттап келсең жакшы баа аласың” деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Эркин чечим чыгара алган бала коомго пайда алып келет. Азыркы китептерде сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтө турган эреже жок да. Болбосо өнүккөн өлкөлөрдө бул тууралуу окутат. Биз окуучуларды келечекте жашап кетүүгө, чыгармачыл жактан иштөөгө, мамиле курууга үйрөтүшүбүз зарыл”, - деди Нурбаев.

Ал алдыдагы шайлоодо жеңишке жетип, кайрадан депутат болсо, мугалимдердин маянасын дагы да жогорулатуу, мектептерди компьютер, интернет менен камсыздоо, компьютердик программалоо, англис тилин 1-класстан баштап окутуу, ваучердик каржылоо системасына өтүү сыяктуу жакшы демилгелери бар экенин билдирди.

АЛЬЯНС - 3 - БИР КҮЧ!

Абдывахап Нурбаев - 13

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: