super.kg logo

7-ноябрдан бери изделип жаткан 2 адам Оштон табылды

 

Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрынан бери изделип жаткан 2 адам (бир тууган эже-ини) Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматка таянсак, Сузак районунун тургуну 7-ноябрь күнү райондук милиция кызматкерлерине 1999-жылы туулган кызы, 2002-жылы туулган баласы жоголуп кеткенин айткан.

 

Ыкчам издөө иштеринде бир туугандар Ош шаарынын “Алай” мейманканасынан аман-эсен табылды. Алар үйдөн чыгып жатканда өздөрүнө тиешелүү документтерди жана үйдө болгон 500 доллар акчаны да ала кетишкен. Бир туугандар апасына таарынып, 2007-жылы каза болгон атасынын бир туугандарына кетүүнү чечишкен. Акчанын көпчүлүк бөлүгүн коротконго үлгүрүшкөн. Учурда балдар туугандарына өткөрүлүп берилип, бул факты боюнча жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.11.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала деген ким жакшы суйлосо ошого качат,дуйнодо баланын эн ишенген адамы ата-энеси ,апасы кагып-силке берсе качышкандыр балким,,,
19.11.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейманканага жашы жете элек балдарды киргизе береби.?Тооба кылдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: