super.kg logo

Алтынбек Сулайманов: “Ар бир добуш аманат. Биз аманатка кыянаттык кылбайбыз”

 

“Ар бир добуштун баасы жок. Элдин добушу тууганчылык жана акча менен бааланбашы керек”. Бул тууралуу “Альянс” партиясынын талапкери Алтынбек Сулайманов бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын тургундары менен жолугушканда билдирди.

Айтымында, Жогорку Кеңешке шайлангандар калктын ишеничин актоого милдеттүү.

“Ар бир добуш аманат. Биз аманатка кыянаттык кылбайбыз. Элге чын дилден кызмат өтөйбүз деп саясий жарышка аттандык”, - деди Сулайманов.

Ал шайлоодо эң таасирдүү күч административдик ресурс экенин айтып, анын айынан шайлоонун жыйынтыктары бурмаланып, жокко чыгарылып келгенин баса белгиледи.

“Азыр административдик ресурс иштеген жок, аны менен күрөш жүрүп жатат. Шайлоого аралашпайбыз деп ар бир мамлекеттик кызматкер кол койгон. Алардын таасири жанындагыларга тийбеш керек. Үгүт иштери аягына чыкканга чейин ушундай болот деген ишеним күч. Болбосо эл нааразычылык билдирип чыгары турган иш”, – деди Сулайманов.

АЛЬЯНС - 3 ☑ - БИР КҮЧ!
Алтынбек Сулайманов - 5 ☑

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: