super.kg logo

“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Каныбек Нарбаев: "Акчалууну эмес, татыктууну тандайлы!"

 

Бүгүн, 13-ноябрда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер Каныбек Нарбаев Аксы районунун шайлоочулары менен жолугушуусунда элди туура тандоо жасоого чакырды.

“Ушул убакка чейин көптөгөн депутаттарды шайладык. Тилекке каршы, көп учурда куру убадага, азыраак тыйынга алданып, келечегибизге кайдыгер мамиле жасадык. Жаңы бийликтин келиши менен жаңы замандын босогосун аттадык. Эми баарыбыз жаңычылдыкка, тазалыкка басым жасап, акчалууну эмес, татыктууну шайлайлы! Биздин бүгүнкү тандообуз Кыргызстандын алдыдагы беш жылдык келечегин аныктайт”, – деди талапкер.

Ошондой эле ал партиянын программасы тууралуу айтты.

Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын алдына койгон максаттары чоң жана анын баары элдин бакубат жашоосу, мамлекеттин өнүгүшү менен байланышкан. Биз коомдо болуп жаткан көйгөйдүн баарын камтыдык. Эң башкы урааныбыз – туруктуулук жана өнүгүү! Билим берүү, саламаттыкты сактоо системасындагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, балдарыбыздын терең билим алышына, жарандарыбыздын ден сак болушуна жол ачышыбыз керек.

Коопсуздук маселеси – башкы багыттарыбыздын бири. Өзгөчө чек арага жакын жайгашкан аймактарыбызда кандай окуялар болуп жатканына күбө болуудабыз. Мунун баары коопсуздук маселесин акыр аягына чейин так чече албаган начар мыйзамдардын иштей албай жатканынан болууда. Биздин партия элдин коопсуздугун камсыздап, көйгөйлөрүн чечүү үстүндө иштейт”, - деди Каныбек Нарбаев.

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «SUPER.KG» тарабынан 2021-жылдын 13-ноябрь күнү чыгарылды, нускасы 1 даана, дареги: Кыргыз Республикасы Турусбеков көчөсү 109, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: