super.kg logo

Орусиядан депортацияланган 29 жаштагы Кыргыз жараны Санкт-Петербургда банк тоногонго аракет кылган деп кармалды

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында полиция кызматы Лиговский проспектисиндеги банкты тоноого аракет кылган деп шектелген 29 жаштагы Кыргыз жаранына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрда шектүү жаран банктын бөлүмүнө келип, пневматикалык тапанча менен коркутуп, банк кызматкерлерине акчаны ага которууну талап кылган. Ошол учурда кызматкерлердин бири сигналдын кнопкасын басканда ал коркуп банктан качып кеткен.

Бир күн мурда кылмышка шектүү Тельман көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин батиринен кармалган. Азыр ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүп жатат.

Кыргыз жараны буга чейин эки жолу Орусиянын чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып, 2020-жылдын декабрь айында депортациялангандыгы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: