super.kg logo

"Ок атылды". Кыргыз жарандары Өзбекстанга мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракет кылды

 
Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилер менен кагылышта курал колдонушкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Аксы районунун Таза-Суу аймагынан аскер кызматкерлери Өзбекстандын аймагына майда мал-жандыктарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 50гө жакын Кыргыз жарандары болгон. Бул учурда чек аранын чектеш тарабында алардын шериктери күтүп турган.
"Алар чек арачылардын малды өткөрүп берүүнү токтотуу талабына көңүл бурушкан эмес. Чек арадан койлорду мыйзамсыз айдап өтүүгө жана чыр-чатактын чыгышына жол бербөө үчүн аскер кызматкерлери курал колдонуп, асманга үч ирет эскертүү иретинде ок атышкан. Кийинчерээк ушул эле аймакта чек арачы 16 баш койду "Хюндай Портер" үлгүсүндөгү унаасына жүктөп, Өзбекстанга алып бара жаткан Кыргыз жаранын кармаган", - деп жазылат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жаран Б.Н.га тиешелүү малдын баасы 190 миң сомдон ашык болгон. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү биргелешкен чек арада аткезчиликке каршы иш-чараларды өткөрүштү.
Учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын аталган тилкесинде абал туруктуу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.11.2021. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Орханды алып калганга жарабаган чек арачылар койго кыйындыгыңарды көрсөтүп жатыпсыңарда.
14.11.2021. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jelezo, Орхан э...дин эгизиби...
14.11.2021. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче Озбекистандыктардын мал-коюн жайды жайлата, кузду куздото багып берип, эми откоруп берип жаткан саткын малчылар окшойт...

Озубуздун мал-койго чоп жетпей жатканда озбектердин мал-коюн багышат акчага, тойбогон акмактар, элдин ырыскысына тукургон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: