super.kg logo

Казакстандан баасы 50 миллион теңге болгон күйүүчү майды алып чыгып бара жаткандар Чалдовардан кармалды

 

Казакстандын аймагынан баасы 50 миллион теңге болгон күйүүчү майды алып чыгууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Казакстандан мыйзамсыз 68 тонна дизель майын жана 120 тонна бензинди алып чыгып бара жатканда "Чалдовар" темир жол көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалышкан.

"Күйүүчү майды жүк ташуучу поезд аркылуу алып чыгууну көздөшкөн. Күйүүчү майды процессуалдык чечим чыгаруу үчүн Жамбыл облусу боюнча мамлекеттик кирешелер департаментине өткөрүп берүү пландалууда. Күйүүчү майдын болжолдуу баасы болжол менен 50 миллион теңгени түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 12-ноябрда Казакстан кайрадан бензин жана дизель майын экспорттоого алты айга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.11.2021. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күйүүчү майды эптеп арзандатпасаңар, анан аргасыздан ташыйтта.
15.11.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келаткан нерсеге тийбей эле койбопсунар куйуучу май керек болуп жатканда
15.11.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SHaidulda,Казакстандын чек арачыларына кармалып жатпайбы.Кыргыздар кичине акча берсе оной эле өткөзүп коет болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: