super.kg logo

Талибандар Кабулда аскердик парад өткөрүштү

 

Талибандар жекшемби күнү Кабулда өз кошуундарын кадимки армияга айландырууну көрсөтүү максатында аскердик парад өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, парадда америкалык ондогон М117 бронтехникалары көрсөтүлүп, алардын үстүнөн Ми-17 тик учактары учуп өтүшкөн. Көптөгөн жоокерлердин колдорунда Америкада жасалган М4 автоматтары болгон.

Жыйырма жыл бою талибдер согушкерлердин ролун аткарып келишкен. Бирок азыркы учурда алар
ооган жана эл аралык күчтөрдүн мурдагы курал-жарактардын жана техникалардын ири запастарын өз күчтөрүн кайра жабдуу үчүн колдонууда.
Эске салсак, буга чейин талибандар Ооганстандын ири шаарларынын бири Кандагарда аскердик парад өткөрүшкөн. Аскердик унаалар аэропортту шаардын борбору менен байланыштырган Кандагардагы негизги жолду бойлоп өтүштү. Бул учурда диний музыка угулуп турган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
15.11.2021. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аскердик парадтын богун жейсинерби. Биринчи аялдардын, жаш балдардын жашоо шартын жакшыртып беришпейби. Талибтер орноткон ислам шарияты аялдар жашоосу учун эч бир жакшылык алы келген жок. Жаштарга молдонун диний тарбиясын бербеш керек. Акыр аягы талибтер сымал болуп калышат, аялдардын артынан эле аңдып калышат.
15.11.2021. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alimbek94, Дубайга окшопбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: