super.kg logo

Чүйдө телефондун 400 метр кабелин уурдаганга шектелген жаран кармалды

 

Чүй районунда телефондун кабелин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 1-ноябрга караган түнү Чүй районунда жайгашкан ишканалардын биринен 400 метрлик кабелди белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкени тууралуу маалымат РИИБге келип түшкөн.

Келтирилген материалдык чыгым 80 миң сомго бааланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1994-жылы туулган С.О. аттуу жаран кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда 500 метрлик кабель уурдалып, келтирилген чыгым 99 миң сомду түзгөн. Жогорудагы факты да бирдиктүү реестрге катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: