super.kg logo

Чек ара кызматы "чек арачылар курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып койду” деген маалыматты текшерүүдө

 

Социалдык тармактарда "Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып койду” деген маалыматты текшерип жаткандыгын маалымдайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чек ара кызматы жарандардан опузалап акча каражатын алгандыгы боюнча Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлеринин тиешеси бар же жогу боюнча териштирүү иштери башталды. Бүгүн, 15-ноябрда КамАЗдын айдоочусу жана куруучуну Баткен облусунун Жаңы-Бак айылында кызмат өтөгөн “Самаркандык” чек ара заставасынын өздүк курамы менен бетме-бет кезиктирүү болот.

Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар экени тастыкталса териштирүү материалдары Аскер прокуратурасына жоопкерчилигин кароо үчүн берилет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2021. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүз пайыз чегарачыларда айып болот, эгерде эле махинация кылып ийишпесе!
15.11.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чек ара кызматында служба кылгам,
100% чек арачы күнөөлүү болот )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: