super.kg logo

"Аконитти колдонбосок стационардык керебеттерди камсыздай алмак эмеспиз" дейт министр

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун тууралуу "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде сөз кылды.

"Уу коргошун (аконит) бир кылымдан ашык убакыттан бери бар. Көптөгөн өлкөлөр анын курамын, бир катар ооруларга натыйжалуулугун изилдеп келишкен. Мисалы Орусияда аконит мурунтан эле колдонулса, Францияда, Италияда, Кытайда аконит башка препараттарга кошулуп эки жүз жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келет. Биздин ата-бабаларыбыз аконит менен көптөгөн рак ооруларын дарылашкан жана ал натыйжалуу болгон.

Жазында аконитти аз-аздан колдоно баштаганыбыз менен биз башка өлкөлөрдө болгон эпидемияны токтоттук. Эгерде биз аконитти колдонбосок, анда, албетте, 2020-жылдын июнь айындагыдай, дарыгерлерди жана стационардык керебеттерди камсыздай алмак эмеспиз. Журналисттердин аркасы менен пайдалануу токтоп калган аймактарда - булар Бишкек жана Чүй облусу - биз үчүнчү толкунда коронавируска чалдыккан көп сандагы учурларды көрдүк.

Биз изилдеп чыктык. Учурда Америкада маалыматтар, макалалар чыкты. Биз дүйнө жүзү боюнча аконитти изилдеп жаткан окумуштууларга кайрылдык. Алар керектүү көлөмдөгү аконит менен камсыз кылууну суранышууда", - деген Бейшеналиев.

Андан сырткары Бейшеналиев Франция өлкөсү уу коргошунду көп көлөмдө алып кеткендигин, башка өлкөлөр да алууга кызыкдар болуп жатышкандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2021. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ана эми аконит сатып байыйт окшойбуз
16.11.2021. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клоун. Калпты айткандан тажабады же чарчабады. Аван бардада талтанда, чалчанда болуп атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: