super.kg logo
  Спорт  

"30 өлкө катышкан". Кыргыз каратэчилер командасы Стамбулда өткөн Дүйнө чемпиондугунда бешинчи орунду ээледи

 
Түркиянын Стамбул шаарында өткөн каратэ-до спортунун шотокан түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы командалык эсепте бешинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Каратэ-до шотокан федерациясынан (WSF) билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугуна 30 өлкөнүн спортчулары катышты. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн атынан ар кайсы курактагы 38 каратэчи катышты.
Кыргыз каратэчилер федерациянын тарыхында биринчи жолу 30 медаль жеңип алышты, анын 13ү алтын, сегизи күмүш жана ону коло медаль тагынган. Негизинен медалдарды сегиз жаштан 17 жашка чейинки жаш каратэчилер жеңип алышты.

Жыйынтыгында кыргыз каратэчилер курама командасы 30 өлкөнүн ичинен 5-орунду ээлешти.

Алтын медаль уткан спортчулардын тизмеси:

  • Данела Токушева (8-9 жаш курак категориясы);
  • Имран Абдугуламов (8-9 жаш);
  • Амантур Шакиралиев (8-9 жаш);
  • Бексултан Мамажанов (8-9 жаш);
  • Арсен Сапарбаев (8-9 жаш);
  • Аруна Рысбекова (10-11 жаш);
  • Эмир Алмазбеков (10-11 жаш);
  • Нурислам Пусуров (10-11 жаш);
  • Дастан Абдилазисов (12-13 жаш);
  • Медер Кубанычбеков (14-15 жаш);
  • Альберт Байышов (14-15 жаш);
  • Максат Батырбеков (14-15 жаш);
  • Аскат Абдакимов (18 жаштан жогору куракта).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
15.11.2021. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Узб кзхтарды астына өткөрбөш керек эле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: