Абдыбакыт Халмурзаев: “Бокс боюнча күчтүү курама команда түзүлөт деп ишенем”

“Кыргызстанда биринчи жолу кыз-келиндер жана уландар арасындагы чемпиондорду аныктоону бир убакытта өткөрүүдөбүз. Жыйынтыгында күчтүү курама команда түзүлөт деп ишенем”,- дейт КРнын Бокс федерациясынын президенти, Башкы прокурордун экс-орун басары Абдыбакыт Халмурзаев. Бул пикирин ал бүгүн, 13-ноябрда бокс боюнча старт алган Кыргызстандын чемпиондугунун ачылыш аземинде билдирди.
Андан тышкары Абдыбакыт Халмурзаев мелдешке түрдүү аймактардан өлкө чемпиондугуна катышуу үчүн келген мушкерлердин саны 110дон ашканын билдирди. “Бул көрсөткүч Кыргызстандагы биринчиликтерде өтө жогорку көрсөткүч”,- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.