Министрлик: "Кыргыз өлкөсү "MegaCom" уюлдук операторуна байланыштуу ишти эл аралык сотто жеңип чыкты"
Кыргыз өлкөсү "MegaCom" уюлдук операторуна байланыштуу ишти Эл аралык арбитраждык сотто (Лондон) утуп алды. Мындай маалыматты Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлайт.Андагы маалыматка ылайык, 2017-жылдын июль айынан бери Британиянын Виргин аралдарында катталган "Penwell Business Limited" компаниясы ЮНСИТРАЛ эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык териштирүү жүргүзүп, 298 миллион доллар компенсация төлөп берүүнү талап кылган.
"2021-жылдын 8-октябрында сот доогердин талаптарын четке каккан. Ал эми чечимди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч берүүнүн мөөнөтү 5-ноябрда бүттү. Мындан улам кыргыз тарап акыры бул талаштан жеңип чыкканын расмий ырастоого болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















