Бокс боюнча өлкө чемпиондугунун ачылышынан фоторепортаж.
Белгилүү спорт ишмерлеринин катышуусундагы ачылыш аземи.


Белгилүү спорт ишмерлеринин катышуусундагы ачылыш аземи.

Мелдешке өлкөнүн бардык облустарынан командалар келди. Катышуучулардын саны 110дон ашык экенин уюштуруучу топтун мүчөлөрү билдирет.

Мелдеште мушкерлердин беттештеринде кезек-кезек менен 19 калыс иш алып барат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Муратбек Саралинов кыргыз боксуна ийгилик каалады.

Абдыбакыт Халмурзаев мелдештин өзгөчөлүгү көп катышуучу болуп жатканы жана кыз-келиндердин да катышып жатканы экенин билдирди.

Түндүк Америка континентинин 3 жолку чемпиону, "Сидней-2000" Олимпиадасынын катышуучусу Алмазбек Раимкулов: "Биз да кезинде ушул жайда рингге чыгып, Кыргызстандын желегин сыймык менен көтөрчүбүз"

Мелдештин көрүүчүлөр аз. Бирок, кийинки күндөрү көрүүчүлөрдүн саны артарынан үмүт чоң.

Мелдеш 49 килогарамм салмак категориясындагы мушкерлердин арасындагы беттеш менен башталды.

Солдон оңго: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев, профессионалдык бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров жана КРнын Бокс федерациясынын президенти, Башкы прокурордун мурунку орун басары Абдыбакыт Халмурзаев. Бул адамдар Кыргызстандын чемпиондугунун деңгээли жогору экенин айтып турат.
Бүгүн, 13-ноябрда бокс боюнча кыз-келиндер жана уландар арасында өлкө чемпиондугунун расмий ачылышы орун алды. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн ачылыш аземине мушкерлерден сырткары бир катар белдүү инсандар, көрүүчүлөр күбө болушту.
Эске салсак, өлкө чемпиондугуна 110 мушкер катышып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Begim_4

13.11.2013. 15:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз Ала-бука молодеец
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.