super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт

 

Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышат.

"Өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат", - деп жазылат билдирүүдө.

Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир саат 10:00дө башталат.

Эске салсак, Кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: