super.kg logo

№4-төрөт үйүнөн уурдалган ымыркайдын туугандары: “Бизди жаӊы төрөгөн кызыбыздын ден соолугунун оорлошкону ойлондуруп жатканда медиктер ымыркайыбызды жоготуп жиберишти. Ууру алыстан келбейт”

 

Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн уурдалган наристенин туугандары “биз органдардын жоопторун күтүп жатабыз” деп билдиришти. Бүгүн, 13-ноябрда уурдалган кыздын энеси Айниса Суранчиеванын эжеси Сабира Суранчиева (сүрөттө) аталган иш боюнча бизге, SUPER.KG порталына маалымат берип, сиңдиси М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордо оор абалында жаткандыгын билдирди. 

 

Бизди жаӊы төрөгөн кызыбыздын саламаттыгынын начарлыгы ойлондуруп жатканда медиктер ымыркайыбызды жоготуп жиберишиптир.  Ууру алыстан келбейт, өз араңда ууру болбосо. Мен эки жолу барсам киргизбей коюшканынан, кийин өзүм кирип көрүп чыккам. Азыр иликтөө органдары, саламаттыкты сактоо департаментинен юристтер иштеп, 3-4 күндө жыйынтык чыгарабыз деп ишендиришип жатат. Дарыгерлер жумуштан кетип, кээ бир кызматкерлерге эскертүү берилди”,- деди Суранчиева.

 

Эске салсак, Бишкектин №4-төрөт үйүндө 5-ноябрь күнү саат 00:25те ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ымыркай кыз ушул жылдын 10-октябрында төрөлгөн. Энеси 1975-жылы туулган Айниса Суранчиева  ден соолугуна байланыштуу Улуттук хирургиялык борборго жаткырылган. Бул факты боюнча перинаталдык борборго 2 ирет кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тартып коюшкан.

 

Бул окуя боюнча кеӊири иликтөөнү  “Супер-Инфо” гезитинин жаӊы, №576-чыгарылышынан  окуй аласыздар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.11.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу 4-төрөт үйү мындай кылган иштери м.н алдына эч кимди салбаган, атагы чыккан төрөт үйү болдуго.
Кантип билишпесин, бул ишти чоңдору кылды.
А мындай барып калсаң эшигинен өтүп кириш кыйынго!
13.11.2013. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштен айдап ийип кутултпастан камаш керек
Модератор admin_superstan түзөттү 13.11.2013 16:08
13.11.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka_89_kg,
туура айтасың, айдап кана тим болбостон врач деген кесиптен ажыратып, эч жерге жумушка алынбасын деген тыю чыгарыш керек болчу
13.11.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka_89_kg, созуно кошулам.Кылмышкерди таап соттош керек.Кылмышкерлер да билет да кимдин баласын уурдашты.Байдын баласын уурдай алышпайт,кембагалдарга асылышат да.Кудай сактасын го,эмки «жертва» арабыздан эле бирообуз болуп калышы мумкун.Ошондуктан изин суутпай табыш керек.Ушуга кантип дити барат дейм да,ким кылса да журогу жок адам экен.Ошол адам кошунабыз,досубуз же жолдошубуз да болуп калышы мумкун.Кылмышкер арабызда журот.
13.11.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган дипломдорун жокко чыгарып салыш керек. Кызыгы жаны торолгон кыз баланы ким эмне кылышты экен.
13.11.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жердегилер эле жайлашты корунот. Башка ким кылмак эле. Алыстан атайы ууру келмек беле. Келинди тигил жака жаткырып, ымыркай жалгыз калганда сук борулор илип кеткенин карасан.
13.11.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул ымыркайды врачтар оздору эле сатып жиберди болуш керек, кантип эле ошончо чон роддомдон корбой калышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: